Бүгүн, 12-декабрда, Улуттук тарых музейинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын башкы темасы – улуттук киноиндустриянын өнүгүү келечегин талкуулоо болду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, кинематографисттер жана кино тармагындагы эксперттер катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өз сөзүндө кинону жайылтуунун жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы оң имиджин түзүүнүн стратегиялык куралы катары маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын расмий бөлүгү башталаар алдында Эдиль Байсалов 2024-жылы алынган жаңы кино тартуу үчүн жабдуулар жана быйылкы жылы тартылган тасма, сериалдар менен таанышты.
УЛУТТУК КИНЕМАТОГРАФИЯ КЕҢЕШИНИН БИРИНЧИ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ








