КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ II ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА КАТЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Жылдыз Кемеловна Бакашова Санкт-Петербургда 2024-жылдын 30-июнунан 2-июлуна чейин өтө турган Эл аралык түпкү элдердин тилдери декадасы алкагында өтүүчү «Дүйнөлүк эне тилдер казынасы: коргоо жана сактоо. Тилдерди сактоо контекстинде саясат жана практика» II Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда.

Конференция көп тилдүүлүктү сактоо жана илгерилетүү жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылып, тилдер саясаты боюнча эл аралык күн тартибин түзүү жана ишке ашыруу боюнча маселелерди бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Конференцияга 40тан ашык өлкөдөн (Бразилия, Индия, Индонезия, Камерун, Кытай, Мексика, ОАР жана Африка, Латын Америкасы, Евразия, ошондой эле ЖКК өлкөлөрүнөн) тарых, билим берүү, социалдык жана гуманитардык илимдер, байланыш жана маалымат тармактарында белгилүү адистер, улуттук музейлердин, архивдердин жетекчилери, өкмөттөр аралык, эл аралык, региондук жана улуттук бейөкмөт уюмдардын, башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышууда.

Ж. Бакашова өзүнүн «Кыргызстандагы маданий жана тилдик көп түрдүүлүктү сактоо тенденциялары жана көйгөйлөрү» деген темадагы докладында Кыргызстан – Батыш менен Чыгыштын биригип, тилдердин жана маданияттардын кесилишкен жери экендигин белгиледи. Азыркы учурда республикада 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Мында өлкөдөгү прогресстин маанилүү бөлүгү – гармониялуу тилдик коомдун болушу. Кыргызстан калкынын эне тилдери алардын сүйлөөчүлөрү үчүн гана эмес, бардык улуттардын жарандары үчүн түгөнбөс шыктын, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигинин жана бир туугандык түшүнүүнүн булагы болуп саналат.