Урматтуу мекендештер!

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин даңазалуу 80 жылдыгы жакындоодо. Кыргызстан фашизмге каршы күрөштө жеңишке жетишип, тынчтыкты камсыз кылууга  чоң салым кошкон. Жыл өткөн сайын мезгил бизди ал окуялардан алыстатууда, бирок биз согушка катышкандардын эрдиктерин, ооруктагылардын эмгектерин эстеп,  сактообуз керек.

КР Улуттук тарых музейинин сайтында Улуу Ата Мекендик согушка катышкандар жөнүндө материалдардын баракчасын ачуудабыз. Ал баракчаны түзгөнгө өлкөбүздүн ар бир жараны катыша алышат. Жакындарыңыздардын жана туугандарыңыздардын согушка байланышкан  сүрөттөрүн жана документтерин жөнөтүңүздөр же алып келип бериңиздер. 

Сиздер менен биргеликте согушка катышкандардын эрдиктерин, ооруктагылардын эмгектерин эстеп, Улуттук Эстутум электрондук архивин түзөбүз!

Байланыш телефондору: (0312) 62-61-03,   (0501)11-55-99, (0552)37-77-56 еmail: info@historymuseum.kg