Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата ѳткѳрүлүп жаткан VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын эпос айтуучулары жана таланттуу катышуучулары, тарых музейине зыярат кылышты.
Адамзаттын улуу ѳнѳрүн алып жүрүүчүлѳргѳ, музейдин бай мурастары тууралуу экскурсия жүргүзүлүп, тарыхта ѳз атын калтырган маданияттар, байыркы түптүү элдер жана кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу бай маалымат берилди.
Музейдин атрактивдүү экспонаттары, жаратман инсандардын эмгеги, кыргыз элинин санжыргалуу тарыхы меймандардын кызыгуусун арттырды.
Соңунда сый кѳрүүчүлѳр, атайын кабыл алган музей жетекчилигине жана жүргүзүлгѳн баяндамага ыраазычылыгын билдиришти.
