КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ДҮЙНѲЛҮК БАНКТЫН ШВЕЙЦАРИЯ ѲЛКѲЛѲР ТОБУНУН ДИРЕКТОРЛОР КЕⱧЕШИНИН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРУ БЕАТРИС МАЗЕР КЕЛДИ

Музей директору, профессор Жылдыз Бакашова, Кыргызстандагы расмий иш-сапарынын алкагында келген  Дүйнѳлүк банктын Директорлор кеңешинин аткаруучу директорун ѳзү тосуп алды.

Алгач, мекеме жетекчиси  Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири саналган  ѳлкѳнүн алгачкы музейине 100 жыл толгондугу  жана анын миссиясы тууралуу маалымат берип, кыскача маектешти.

Андан соң,  эстелик сүрѳткѳ түшүп, андан соң биргеликте кыргыз тарыхы менен таанышып чыгышты.

Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана бийик тоолуу аймактын табияты кызыктырган жогорку даражалуу мейманга, уникалдуу экспонаттардын топтому тууралуу баяндамачы тарабынан кызыктуу экскурсия жүргүзүлдү.

Кыргыз элинин басып ѳткѳн тарыхый жолунан,  коомдук-саясий түзүлүшүнѳ чейин маалымат алган Беатрис Мазер айым, соңунда ѳлкѳнүн руханий кенчин жайылтып келе жаткан мекемеге жана жылуу кабыл алган жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.